Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

АКШ базасын чыгаруу кыймылы Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдойт


“Америкалык аскерий базаны Кыргызстандан чыгаруу” кыймылынын координациялык кеңеши бүгүн парламент депутаттарына транзиттик борбор түзүү келишими жөнүндө мыйзам долбоорун колдобоону өтүнгөн кайрылуу таратышат. Кайрылууда “Бул жаңы келишим – АКШнын көз боемочулугу. Алар Кыргызстандын атуулун өлтүргөн өздөрүнүн жоокерин дагы эле жазалай элек. Америкалыктар Борбор Азиядагы мамлекеттерди коркутуу максатында Пакистан менен Ооганстандагы кырдаалды атайын курчутуп жиберди”-деп билдирди аталган кыймылдын мүчөсү “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” корунун башчысы Игорь Трофимов. (AJ)

XS
SM
MD
LG