Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:26

Орусия жана Нигерия энергия боюнча келишимдерге кол койду


Келишимдер кечээ орус президенти Дмитрий Медведевдин Африканын мунайды эң көп өндүргөн өлкөсүнө жасаган иш сапары учурунда кабыл алынды. Келишимдердин бири Орусиянын Газпрому менен Африканын батышындагы Нигериянын мунай өндүрүүчү башкы компаниясынын Нигериядагы мунай жана газ кендерин биргелешип өздөштүрүүсүн карайт. Бул келишим мындан сырткары Нигериянын газын Европага алып келүү үчүн трансафрикалык куур төшөөнү да мерчемдейт. Ошондой эле Орусиянын Нигерияда атомдук электр станциясын курууга катышуусун караган келишимге да кол коюлду. Президент Дмитрий Медведев Орусия Нигерияга "миллиарддаган доллар" инвестиция саларын билдирди.

XS
SM
MD
LG