Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:13

“Медиа өкүлчүлүк институту” “Учур” гезитин соттоого терең тынчсыздануусун билдирди


Көз карандысыз “Учур” гезитин “Жаннат” мейманканасы сотко берип, гезиттен өз пайдасына 3 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Гезитте жарыяланган макалага байланыштуу “Жаннат” мейманканасы моралдык зыян тартканын билдирген. Райондук жана шаардык сот мейманкананын талабын орундатып, гезиттен 3 миллион сом өндүрүү чечимин чыгарган. “Медиа өкүлчүлүк институту” юридикалык тарап болгон “Жаннат” мейманканасы моралдык зыян тартуусу мүмкүн эместигин билдирип, акыркы мезгилде көз карандысыз гезиттерди сот аркылуу муунтуу күчөп келатканын белгилеген. “Алиби”, “Де-Факто” гезиттери мына ошондой шартта жабылган. Эми сөз эркиндигине кысым жасоо жолу менен “Учур” гезити да ошондой абалга туш болууда. (AiT)





XS
SM
MD
LG