Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Ирактагы акыркы жардырууларга карабай АКШнын аскерлерди чыгаруу планы өзгөрбөйт


Бул тууралуу америкалык расмий өкүлдөр Багдаддагы кечээги жардыруудан кийин билдиришти. Ирак башкалаасынын шийиттер басымдуулук кылган Садр шаар районунда орун алган жардыруудан 69 киши каза тапты, 100дөн ашуун киши жаракат алды. Бул - Иракта акыркы бир ай ичинде болгон үчүнчү ири жардыруу. Быйылкы жылдын эң кандуу деп эсептелген бул бомба чабуулу америкалык аскерлер Багдаддын Садр районунун ирактык күчтөргө расмий өткөрүп бергенден бир нече күндөн кийин эле орун алып олтурат. Кечээгиге акыркы күндөрдөгү башка бир нече жардырууларды кошкондо жалпысынан 100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

АКШ жана Ирак өкмөттөр ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, америкалык аскерлер 30-июнга чейин Ирактан шаарларынан, кыштактарынан чыгып, өзүнүн базаларына барып жайгашуусу керек. Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, соңку жардыруулар алардын бул планына өзгөртүү киргизбейт.

АКШнын жана Ирактын расмий өкүлдөрү америкалык аскерлер шаар-кыштактардан кетип жаткан учурда кол салуулар көбөйүшү күтүлөрүн буга чейин эле айтышкан, бирок кыянатчылыктардын деңгээли Иракта мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөн бойдон калууда. АКШ аскерлеринин Ирактан толугу менен 2011-жылдын соңуна чейин чыгып кетүүсү керек.

XS
SM
MD
LG