Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Жогорку Кеңеш Транзиттик борбор боюнча келишимди ратификациялоого киришти


Кыргыз өкмөтү менен АКШы өкмөтү Манас аба майданында Транзиттик борбор түзүү тууралуу келишимге 22-июнда кол коюшкан. Келишим тууралуу депутаттарга маалымат берип жаткан тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев Кыргызстан мындай келишимге улуттук кызыкчылыгына жана региондогу коопсуздук кырдаалына жараша барганын билдирди. Пакистан жана Ооганстандагы кырдаал жалпы регион коопсуздугуна коркунуч туудуруп жатканын белгилеп, анын эпкиндери Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө байкалып жатканын ачыктады. 15-16-июнда ШКУнун жыйынында Ооганстандагы кырдаалга тынчсыздануу билдирилген. Саммитте Ооганстан президенти Хамид Карзай президент Курманбек Бакиев менен жолугушуп, Ооганстандагы кырдаалды жөнгөрүүдө Манас аба майданын пайдаланууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Барак Обаманын катында да Манасты пайдаланууга уруксатты улантууга өтүнүч айтылган. Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен, башка мамлекеттердин өтүнүчүн кабыл алуу менен Транзиттик борборду түзүү чечимин кыргыз өкмөтү кабыл алды, деп белгиледи Сарбаев. Ал келишимди ратификациялап берүүгө депутаттарды чакырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG