Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:22

К.Карабеков: Манастан база чыгарылат


Аскердик база менен Транзиттик борбордун эки башка нерсе экенин эске алууга Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков өз коллегаларын чакырды. Анын айтымында, Манастагы аскерий базаны чыгаруу боюнча Кыргызстандын чечими аткарылат. Ал эми Транзиттик борбор түзүүдө Кыргызстан ЖККУ жана ШКУ уюмдарына каршы келген жок. Анткени Россия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан да транзиттик жүк ташууга уруксат берген. Алардын катарында Кыргызстан баратат. Ал эми депутат Зайнидин Курманов глобалдашуу доорунда бир багыттуу тышкы саясат жүргүзүү катачылык экенин белгилеп, Транзиттик борбор түзүү тууралуу өкмөттүн чечимин жактады.(AiT)

XS
SM
MD
LG