Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:20

ИИМ баңгичиликке каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата акция өткөрөт


ИИМден маалымдашкандай, 26-июндан 26-июлга чейин милиция кызматкерлери жергиликтүү башкаруу органдары, педагогикалык жана медициналык мекемелер жана бейөкмөт уюмдар менен бирдикте баңги кылмыштарынын алдын алуучу профилактикалык иш чараларды жүргүзөт. Акциянын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери коомчулуктун өкүлдөрү менен чогуу күнү-түнү иштешет. Бул аракет ар кандай билдирүү, телефон чалуулар боюнча өз учурунда жардам көрсөтүүгө багытталат. Республикалык наркология борборунун маалыматында, 2008-жылдын январь айына карата баңгичиликке берилген 8500 киши катталса, бул жылы алардын саны 9000ге жеткен. (AzK)

XS
SM
MD
LG