Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Иранда университеттин 70 профессору камакка алынганы кабарланууда


Алар кечээ оппозиция лидери Мир Хоссейин Мусави менен жолугушууга катышкандан кийин кармалып кетишти. Мусавинин вебсайтында жарык көргөн бул маалыматты бийлик киргизген чектөөлөрдөн улам, көз карандысыз булактар тарабынан тастыктооо мүмкүн эмес. 12-июнь күнкү президенттик шайлоодон кийин башталган толкундоолор маалында бери дегенде 17 киши набыт болуп, жүздөгөн адамдын камакка алынганы маалымдалууда. Мусави жана анын колдоочулары шайлоонун жыйынтыктары Махмуд Ахмадинежаддын пайдасына бурмаланды деп ырасташууда. “Фарс” маалымат агенттигинин кабарына ылайык, бүгүн Ахмадинежад АКШ президенти Барак Обама Ирандын ички иштерине кийлигишүүнү токтотууга тийиш деп билдирди.

XS
SM
MD
LG