Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

КСДПнын саясий кеңеши президентке ачык кат менен кайрылды


Анда шайлоо алдында президенттик ыйгарым укукту Курманбек Бакиев токтотпогону белгиленип, буга байланыштуу өлкөдө мыйзамдардын бирдей аткарылышын көзөмөлдөө президентке жүктөлүп турганы эскертилген. Азыркы шайлоо кампаниясында административдик ресурс ченемсиз колдонулууда. Ал эми оппозициялык талапкер Алмазбек Атамбаевге үгүт материалдарын илүүгө мүмкүнчүлүк берилбей жатат.Ошол эле мезгилде талапкер К.Бакиевге үгүт материалдарын жайгаштырууга кеңири мүмкүнчүлүк берилүүдө. Мындай теңсиздик кимдин буйругу менен жасалууда, деген суроону коет КСДП партиясы президентке кайрылуусунда. “Биз мындан ары өзүбүздүн үгүт плакаттарыбызды К.Бакиев илген жерлерге иле баштайбыз. Эгерде жол берилбесе талапкерлердин тең укуктуулугу бузулду деп эсептеп, байкоочулар жана дүйнөлүк коомчулукка кабарлайбыз”, деп белгиленген кайрылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG