Сот прокуратуранын апелляциялык арызын канааттандырып, иш кайра кайроого жиберилди. Февралда Москва шаарынын соту Политковскаянын киши колдуу болушуна тиешеси бар деп шектелген 3 киши – ага-ини Махмудовдор жана ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери Сергей Хажикурбановдун күнөөсүн далилдеген фактылар жетиштүү эмес деген бүтүмгө келген. "Новая газетанын" талдоочусу, Кремлдин катуу сынчысы Политковская 2006-жылдын октябрында өз үйүнүн подъездинде атып өлтүрүлгөн.
Россиянын Жогорку Соту журналист Анна Политковскаянын өлүмү боюнча актаган чечимди жокко чыгарды