Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Багдадда автобус бекетинде жарылган бомба эки кишинин өмүрүн алып кетти


Кол салуудан 26 адам жараланды. Ирак армиясынын өкүлдөрү билдиргенине караганда, бомба бекеттин кире беришине коюлган. Ал райондо негизинен шийилер жашайт. Кечээ Садр шаарында ири жардыруу болуп, кеминде 62 киши каза тапкан, 150 чакты адам жараат алган. Ноябрда кол коюлган келишимге ылайык, ай этегине чейин америкалык аскерлер Ирактын ири шаарларынан чыгып кетүүгө тийиш. АКШнын расмий адамдары кечээки жардыруудан кийин аскерлерди чыгаруу планы өзгөрбөйт деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG