“Хаят” мейманканасында республика аймагындагы тоо кендерин казып алуучу тармакты өнүктүрүүнүн проблемаларына арналган тегерек үстөл өткөрүлөт. Талкууга тоо кен боюнча адис эксперттер, кендерди казып алууга, чийки заттарды жана асыл металлдарды чыгарууга адистешкен 27 компаниянын өкүлдөрү катышмакчы. Бул иш чараны Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги, Кен казып алуу тармактарынын ишинин айкындыгын жогорулатуу демилгеси боюнча катчылык уюштурууда. Бул тууралуу Тоо кен ассоциациясынан кабарлашты. Жарандык коомдун өкүлдөрү Миң-Куштагы көмүр кенинин, Нарын облусундагы, Чаткал районундагы жана башка ачык кендерди казууда эрежелер сакталбай жатканын сынга алышып, айрым кендерди чет өлкөлүктөрдүн иштетүүсүнө каршы пикирлерин билдирип келишет. (AJ)