Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:11

Орус президентинин Африкага сапары уланууда


Орусия Африканын энергия ресурстарынын Европага экспортун көзөмөлдөөнү көздөбөйт. Бул тууралуу орус президенти Дмитрий Медведев Намбияда иш сапары менен жүргөн жеринен билдирди. Намбияга чейин ал Африканын мунайды эң көп өндүргөн өлкөсү - Нигерияда болгон кезинде Орусиянын Газпрому менен Нигериянын Улуттук мунай корпорациясы Сахара чөлү аркылуу Европаны көздөй куур төшөөнү мерчемдеген келишимге кол койгон эле. Орус президенти Нигериядан соң барган Намбия - Африканын уран кендерине бай мамлекети.

 

XS
SM
MD
LG