Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 22:58

Белгилүү ырчы Майкл Жексон 50 жаш курагында дүйнөдөн өттү


“Поп-музыканын падышасы” атыккан Майкл Жексон Лос-Анжелесте каза тапты. Анын өлүмүнүн себептери туралуу дарыгерлердин тыянагы азырынча чыгарыла элек. Лос-Анжелестеги расмий өкүлдөрдүн айтымында, ырчы жүрөгү токтоп калды деген диагноз менен үйүнөн ооруканага шашылыш жеткирилген.

Ырчынын бир тууганы Жермайин Жексондун айтымында, Калифорния университетиндеги медициналык борбордун дарыгерлери Майкл Жексонду эсине келтирүү үчүн бир сааттан ашуун аракеттеништи, бирок оң натыйжа болгон жок.

Жексон узакка созулган тыныгуудан кийин концерттик ишмердүүлүккө кайтууга камданып жаткан. Келерки айдын ортосунда анын Лондонго гастролу белгиленген экен.

Ырчылык карьерасынын учурунда Жексондун дүйнө боюнча сатылган альбомдорунун нускасы жүз миллиондоп саналган. Анын жылдызы жанган учур XX кылымдын экинчи жарымына туура келди.

Жексондун “Триллер” деген ат менен 1982-жылы чыккан жыйнагы поп-музыканан тарыхында эң көп сатылган альбом болуп, нускасы 40 миллиондон ашкан.

Ошол эле учурда Майкл Жексондун адаттан тыш жүрүмү, өң-келбетин бир нече ирээт өзгөртүүсү анын ырчылык карьерасына көлөкө түшүргөн.

Жексондун артында үч баласы, ата-энеси, сегиз бир тууганы калды.

XS
SM
MD
LG