Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Нотариустун эки кызматкерине Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду


КР Башкы прокуратурасы тарабынан Талас облусундагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик нотариалдык кызматкерине жана Манас райондук мамлекеттик нотариалдык кызматкерине кылмыш иши козголду. Азырынча аты аталбай жаткан кызматкерлерге өлкө бюджетине 198 миң сом мамлекеттик төлөмдү төккөн эмес, деген айып менен КР кылмыш жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, Талас облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Оппозициялык БЭКтин мүчөсү Азимбек Бекназаров буга чейин Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иштери аягына чыкпай, жок болуп кетип атат, деген пикирин “Азаттыкка” билдирген эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG