Мындай маалыматты 1-вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн тоо кендерин казып алуу тармагын өнүктүрүүгө арналган тегерек үстөлдө билдирди. Анын айтуусунда өткөн жылы Кыргызстанда 18,1 тонна алтын казылып алынган. Мунун ичинен 600 кг гана кайра иштетилген. 1-вице-премьер-министр алтынды иштетүү көмүскөгө кетип жатканына эң биринчиден ага салынган салык себеп, деп эсептейт. Өмүрбек Бабанов салыктардын түрүн азайтуу менен алтындан жасалган буюмдардын баалары төмөндөшүнө жана эң башкысы алтынды кайра иштетүү өндүрүшүн ачыкка алып чыгууга шарт түзүлмөк деп белгиледи.
2006-жылы салыкты азайтуу менен тигүү өнөр жайын көмүскөдөн алып чыгууга өбөлгө түзүлгөн.(ZKo)
2006-жылы салыкты азайтуу менен тигүү өнөр жайын көмүскөдөн алып чыгууга өбөлгө түзүлгөн.(ZKo)