Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Кытайда баңги кылмышына байланыштуу 20 киши өлүм жазасына тартылды


Бүгүн дүйнө жүзү баңгизатка каршы күрөш күнүн белгилеп жаткан чакта, Кытай бийлиги баңгиге байланыштуу кылмыш үчүн айыптуу табылып, өлүм жазасына өкүм кылынган 20 кишиге карата жогорку өкүмдү жүзөгө ашырганын өкмөттүк Синхуа кабар агенттиги маалымдады. Башка дагы жүздөгөн кытайлыктар баңгизат кылмышына байланыштуу сот жообуна тартылууда. Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун сүрөөнчүлүгү астында баңгизат кылмыштарына каршы эл аралык күн өткөрүлүүдө. Анын башкы мүдөөсү – баңгизат кылмыштарынын, анын ичинде мыйзамсыз баңгизат соодасынын коркунучу жана азап-тозогу тууралуу коомчулукка кеңири маалымдоо болуп саналат.

XS
SM
MD
LG