Америкалык даңазалуу ырчы, 50 жаштагы Майкл Жексондун талантын баалагандар маркумдун Лос-Анжелестеги үйүнүн жанында жана ал көз жумган ооруканада чогулушууда. Франциянын маданият министри Фредерик Миттерран Майкл Жексонду “ааламдык жылдыз” деп атап, анын аты Мэрлин Монро, Жеймс Дин жана Элвис Преслинин катарында турат деп айтты. Майкл Жексон менен кызматташып келген музыкант жана продюсер Куинси Жонс бул күтүүсүз кайгылуу кабарга алигиче ишене албай турганын айтты. Белгилүү ырчы Мадонна “дүйнө улуу адамдардын бирин жоготту, бирок анын музыкасы түбөлүккө жашай берет” деп билдирди. Майкл Жексон 50 жашында 25-июнда (бейшембиде) жүрөк оорусунан улам дүйнө салды.