Бүгүн Багдаддын борборунда унаага орнотулган бомбанын жарылуусунан бери дегенде 13 киши набыт болуп, 50гө жакыны жараат алды. Полициянын кабарлашынча, бомба мотоциклдерди саткан базардын ичиндеги бир мотоциклге жашырылган экен. Шаршемби күнү Багдаддын Садр бөлүгүндө бомбанын жарылуусунан 70тен ашуун киши мерт кеткен. Бул ири кол салуулар Ирактын армиясы өз алдынча коопсуздукту сактай алабы деген суроолорду жаратууда. Төрт күндөн кийин америкалык жоокерлер Ирактын бардык шаарларынан чыгарылары белгиленген.