Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Иран: Сакчылар кеңешинин бүтүмү 29-июнда жарыя кылынаары күтүлүүдө


Ирандын Жогорку мыйзам чыгаруу органы - Сакчылар кеңеши 12-июнда өткөн президенттик шайлоону 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан бери өткөрүлгөн “эң таза” добуш берүү болду деген бүтүм чыгарды. Расмий ИРНА маалымат агенттигинин кабарлашынча, Сакчылар кеңеши оппозициянын талаптарын негизсиз деп четке какты. Кеңештин биротоло чыгарчу бүтүмү дүйшөмбү күнү жарыя кылынаары күтүлүүдө. Ал эми бир нече он миңдеген ирандык демонстранттар 13-июндан тартып ар кыл нааразылык чараларын өткөрүп, шайлоону кайра өткөрүү талабын айтып келишти.

XS
SM
MD
LG