Өкмөт башчы Игорь Чудинов 28-июндан 1-июлга чейин Швейцарияда иш сапар менен болот. Анын алкагында 29-июнда өтчү Борбор Азиядагы уран калдыктарына арналган эл аралык форумга катышат. Бул иш-чара кыргыз өкмөтү менен Улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын (ПРООН) демилгеси менен уюштурулууда. Кыргыз өкмөтүнөн билдиришкендей, И. Чудинов ошондой эле аталган өлкөнүн өкмөтүнүн жана айрым ири эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат. Кыргызстандын жана Швейцариянын ишкерлеринин жыйынына катышат. (EBM)