Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

НАТО жетекчиси Москва менен алаканын оңолооруна ишенет


НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер бүгүн Грецияда өткөн НАТОнун тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолушуудан кийин минтип сүйлөдү:

- Бул биздин мамилелердин жаңыланышы болуп калат деп ойлойм. Чогуу жасай турган иштерди күжүрмөндүк менен жасап, ортодогу талаштардан качпастан, аларды да талкуулашыбыз керек. Мен бул жакка оптимисттик маанайда келдим.

Былтыр августтагы орус-грузин согушунан кийин НАТОнун тышкы иштер министрлери орусиялык кесиптеши менен биринчи жолу ушул деңгээлде жолугуп жатышат.

Кийинчерээк Батыштын Москва менен алакасы оңоло баштады, бирок расмий аскердик байланыштар боло элек эле. Бүгүнкү жолугушуу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Корфу аралындагы бейформал жыйынынын чегинде өттү.

XS
SM
MD
LG