Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

Өзгөндө жок кылынган жоочулар Өзбекстанда мурда соттолгон адамдар


Антитеррордук операция учурунда өлтүрүлгөн үч адамдын экөөсү мурда алты жолу соттолгон экен. Бул жөнүндө маалыматты “Азаттыкка” Өзгөн райондук милициянын жетекчиси Курсант Асанов билдирди. Анын айтымында, алгачкы иликтөөлөр жоочулар Өзгөнгө Өзбекстандын Ханабад шаарынан келгенин көрсөтүүдө. Ок атышуу болгон үйдө колго түшкөн балалуу аял ушундай көрсөтмө берди. Азыркы учурда күч органдары жоочулардын кыргыз жерине кандайча өтүп келгендиги, алардын кандайча көз жаздымда калгандыгын териштирип жатышат. Өзгөндө жок кылынган топтун жакында эле Жалал-Абад шаарында жок кылынган жоочулар менен байланышы бар экендиги айтылууда. Жоочулар жашырынып жаткан үйдөн табылган спорттук кийимдер Жалал-Абаддагы жоочулардын кийимдери менен окшош чыгууда. (KCh)

XS
SM
MD
LG