Ингушетиянын президенти Юнус-Бек Евкуров 22-июнда бомба жарылганда оор жараат алган эле. Кавказсентер интернет-сайты кол салууну чечен козголоңчуларынын «Рияду-с-Салихин» батальону уюштурганын жазды. Орус президенти Дмитрий Медведев Евкуровго кол салууну "бандиттердин иши" катары терең айыптаарын айткан. Евкуровдун маалымат кызматы бүгүн президенттин абалы бир аз оңолуп калгандыгын, бирок ал алигиче жасалма жол менен дем алып жаткандыгын билдирди.