Борбор Азия регионундагы, анын ичинде Кыргызстан аймагындагы уу калдыктарын зыянсыздандырууга арналган конференцияга премьер-министр Игорь Чудинов башында турган делегация катышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” премьер-министрдин маалымат катчысы Айбек Султангазиев билдирди. Өкмөт башчы форумда уу калдыктарын зыянсыздандыруу боюнча Кыргызстанда атайын агенттикти түзүү, экологиялык проблемалар тууралуу донорлорго маалымат берет.(AiT)