Бул тууралуу Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча баш катчысы Жыпар Жекшеев билдирди. Кыргызстан Оштогу Сулайман тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастары тизмесине киргизүүгө көптөн бери аракет кылып келген. ЮНЕСКОнун 26-июнда Испанияда болгон жыйынында тийиштүү чечим кабыл алды. Сулайман тоону ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү боюнча жыйында маданият жана маалымат министри Султан Раев сөз сүйлөгөн. (AiT)