Орусиянын Газпром, Украинанын Нафтогаз компаниялары менен Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү катышуучу сүйлөшүүлөрдө Украинанын газды күн мурунтан эле сатып алып коюшу үчүн насыя берүү маселеси талкууланмакчы. Азыр Украина Орусияга июнь айында сатылып алынган газ үчүн 300 миллион долларды төлөөгө аракеттенүдө. Киев ошондой эле жай мезгилиндеги арзан баадан пайдаланып, кышты утурлай газ кампаларын көгүлтүр отко толтуруп коюш үчүн 4 миллиард долларга муктаж экенин билдирген. Брюсселдеги бүгүнкү сүйлөшүүлөргө эл аралык банктар да катышмакчы.
Быйыл кыш чилдеде Орусия менен Украинанын чатагынан орусиялык газдын Украина аркылуу Европага келүүсү үзгүлтүккө учураган.
Быйыл кыш чилдеде Орусия менен Украинанын чатагынан орусиялык газдын Украина аркылуу Европага келүүсү үзгүлтүккө учураган.