Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:35

Гондурастын аскерий төңкөрүш аркылуу бийликтен кулатылган президенти Коста-Рикага келди

Мануэль Селаянын Коста-Рикага келген соң билдиргенине караганда, ал мамлекет башчысы бойдон калууда жана өлкөдөн кетүүгө аны аскерлер мажбурлады.

Гондурастагы төңкөрүш өлкөдө белгиленген жалпы элдик референдумдун жуп алдында болду. Референдумга Мануэль Селаянын президенттикке кайра шайлануусуна жол ачуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү маселеси коюлган болчу. Бирок президенттин оппоненттери муну бийликти ээлеп алуу аракети катары баалашкан.

Евробиримдик төңкөрүштү айыптады, АКШ Гондурасты тынчтыкка жана мыйзамдарды сактоого чакырды. Төңкөрүштү Латын Америкасынын солчул лидерлери, анын ичинде Венесуэланын президенти Уго Чавес да айыптады. Мануэль Селая Борбордук Америкада жайгашкан, 7 миллион калкы бар Гондурастын президенттигине 2006-жылдын январь айында келген.
XS
SM
MD
LG