Өлкөнүн эң жогорку органы катары эсептелген Көзөмөл кеңеш добуштардын бир бөлүгүн кайра саноого макул болгону менен ал буга чейин эле шайлоонун жеңүүчүсү деп азыркы президент Махмуд Ахмадинежадды атаган. Шайлоонун өзү болсо 1979-жылкы Ислам ыңкылабынан берки эң таза өнөктүк катары мүнөздөлгөн.
Ал эми экинчи орун алды деген оппозиция лидери Мир Хоссеин Мусави добуштар бурмаланды деп эсептегендиктен, шайлоо кайра өткөрүлүүсүн талап кылып келүүдө.
Бул аралыкта Британия Иран бийликтеринен Тегарандагы элчилигинин камакка алынган жергиликтүү бир нече кызматкери аман-соо бошотулушун талап кылды. Британ тышкы иштер министри Девид Милибэнд Ирандын кадамын “агрессиялык аракет жана такыр жол берүүгө болбой турган деңгээлдеги коркутуу” деп мүнөздөдү.
Ирандын мамлекеттик радиосунун билдиргенине караганда, элчиликтин кызматкерлери президенттик шайлоодон кийинки тополоңдордо активдүү роль ойншокон, анын ичинде демонстрантар арасына адамдарды жөнөтүп, эмне кылуу, кантип ураан чакыруу керектигин үйрөтүшкөн.
Ирандын чалгын министри Голамхоссеин Мохсени – Эжеинин ырастоосунда, АКШ менен Британия Иранда “жибек ыңкылабын” ишке ашырууну көздөшкөн, бирок бул мүмкүн эмес экенин билдиришти.
Элчилик кызматкерлеринин камалуусу Тегеран менен Лондондун мамилесин дагы татаалдаштырчудай. Өткөн аптада эки тарап бири-биринин дипломаттарын чыгарган.