Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

УКМК: Өзгөндө террорчулардын тобу жок кылынды


Алдын ала маалыматтарга караганда, Өзгөндөгү атышууда атайын даярдыктагы жоокерлердин куралынан каза табышкан Оштун тургуну Сулейманов Хасан Абдукаримович 1977-жылы туулган. Ал Пакистандагы эл аралык террорчулар борборунан машыгуудан өткөн. Өзбекстандын атуулу, 1977-жылы туулган Сатвалдиев Ботир болсо Ханабад шаарынын тургуну. Дагы бир 40-50 жаштагы адамдын аты-жөнү такталууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда 27-июнда Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Баш-Дөбө айыл окуругунун Кош-Коргон айылында УКМК террорчулукка каршы атайын операция өткөрүп, “Ислам жихад тобу” эл аралык террорчулар уюмуна мүчө террорчулар тобун жок кылган. Операция учурунда УКМКнын атайын даярдыктагы, ИИМдин кызматкерлеринен эч кимиси жабыр тарткан эмес. Учурда коопсуздук комитетинин кызматкерлери террорчулар менен байланышы бар адамдарды издөө иштерин улантууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG