Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:08

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Жогорку Cотко кайрылды

«Ата Мекен» партиясынын Жалал-Абат облустук төрагасынын орунбасары Кадырбек Жакыповдун арызын 30-июнда Жогорку Сот карайт. К. Жакыповдун айтымында, сотко Ноокен райондук шайлоо комиссиясынын чечими менен райондук соттун аныктамасын жокко чыгаруу жана партиянын 18 мүчөсүн участкалык шайлоо комиссияларына кошуу суранычы жасалды. Аталган райшайлооком шайлоо мыйзамында көрсөтүлбөгөн паспорт көчүрмөлөрүн талап кылып, партия мүчөлөрүн УШКларга киргизген эмес. Ноокен райсоту «облустук жана андан ары Борбордук шайлоо комиссиясына даттанууга жатат» деп, Жакыповдун арызын кабыл алуудан баш тарткан. Райондук шайлоо комиссиясы паспорт көчүрмөлөрү УШКларга сунушталган талапкерлердин кимдигин аныктоо үчүн зарыл болгонун жана партиянын 18ден башка 14 мүчөсү УШКларга киргенин билдирди. (YA)
XS
SM
MD
LG