Швейцариянын Берн шаарында бүгүн боло турган форумда Кыргызстандын инвестициялык шарты, экономикалык мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болот. Өкмөт башчысы менен биргеликте форумга кыргызстандык 20дай ишкер катышат. Форумдан сырткары Игорь Чудинов Швейцария конфедерациясынын президенти жана тышкы иштер министри менен да жолугушуп, эки тараптуу кызматташууларга байланыштуу сүйлөшүүлөр өткөрөт. Бул тууралуу Швейцариядан өкмөт башчынын маалымат катчысы Айбек Султангазиев билдирди.(AiT)