Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:25

Бишкек мэриясы жөө күлүк С.Жуманазаров атындагы сыйлык уюштурду


Бишкек мэриясынын коомчулук менен байланыш башкармалыгынан билдиришкендей, шаар башчысы Нариман Түлеев 1980-жылы Москвада өткөн XX олимпиаданын коло медалынын ээси, СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Сатымкул Жуманазаров атындагы жылыга берилүүчү сыйлыкты бекиткен буйрукка кол койду. Бул сыйлык Бишкек шаарында дене тарбия, спортту өнүктүрүүгө, аны жайылтууда кошкон салымы жана дене тарбия, спорт боюнча жетишкен ийгиликтери үчүн ыйгарылат. Олимпиаданын коло медалынын ээси, белгилүү жөө күлүк Сатымкул Жуманазарв 2007-жылы 2-апрелде мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. (AJ)

XS
SM
MD
LG