Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:04

Тогуз-Торо районундагы көпүрөнү сел жууп кетти

Мындай маалымат өзгөчө кырдаал министрлигинин маалымат кызматынан алынды. Маалымат кызматынын улуу адиси Абиш Бекиловдун ырасташынча, 29-июнда кечке жуук Көк-Арт дарыясында жүргөн үйөр (суу ташкын) райондун Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу ички чарбалык автоунаа көпүрөсүн алып кеткен. Натыйжада Кызыл-Октябрь айылындагы 35 үй-бүлө жол байланышы жок калды. Селдин айынан жабырлангандар болгон жок. Көпүрө жок болгону менен айыл тургундары башка жол менен ээн-эркин ары-бери каташууда, - деп билдирди А. Бекилов. (YA)
XS
SM
MD
LG