Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:17

А.Эргешбаевдин жактоочусу анын күнөөсү жок деп эсептейт


Ош Ички иштер башкармалыгынын баңги заттар менен күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Алмазбек Эргешбаев милициянын полковниги Анвар Алиевдин өлүмүнө байланыштуу иш боюнча күнөөсү жок, деп билдирди анын жактоочусу Рысбек Нагаев бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, А.Эргешбаевдин иши адилет каралбай, бул боюнча айыпталып жаткан топту узак мөөнөткө эркинен ажыратууга Свердлов райондук сотуна тапшырма берилген.

Маң заттарына каршы күрөшүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары Анвар Алиевдин өлүмүнө байланыштуу ишке тиешеси бар делип 2009-жылы 9-июнда Свердлов райондук соту А.Эргешбаевди өмүрүнүн акырына чейин абакка кесип, аны менен кошо айыпталып жаткан Моңол Тажибаев, Кахраман Исмаилов жана Шавкатбек Жунусовду 25 жылга эркинен ажыраткан. Соттун мындай чечимине макул болушпаган А.Эргешбаевдин жакын туугандары менен жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз жолдошкон. Маң заттарына каршы күрөшүү башкармалыгынын начальнигинин орун басары Анвар Алиевди өткөн жылы август айында үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүшкөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG