Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:33

Парламент депутаты К.Карабеков АКШнын конгрессмендери менен жолугушту


Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык боюнча комитет төрагасынын орун басары Кабай Карабеков бүгүн АКШнын Конгрессинин өкүлдөр палатасынын Азия, Тынч океан чөлкөмү жана айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин төрагасы Эни Фалеомава баштаган делегация менен жолугушту. Эни Фалеомава АКШ президенти Барак Обама Борбордук Азия мамлекеттери менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. К.Карабеков өз сөзүндө Манас аба майданында Транзиттик борбор түзүү жөнүндө парламенттин чечими улуттук кызыкчылыктан улам кабыл алынганын айтты. Эки тараптуу жолугушууда гуманитардык жардам, билим берүү тармагындагы кызматташуу, экологиялык маселелер талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG