Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Албаниядагы парламенттик шайлоодо бийликтеги демократтар алдыда баратат


Бюллетендердин 80 проценти саналып бүткөн саатка карай премьер-министр Сали Бериша башкарган коалицияга шайлоочулардын 46,55 проценти добуш бергени маалым болду. Борбор шаар Тирананын мэри Эди Рама жетектеген социалисттердин коалициясына шайлоочулардын 45,73 проценти ишеним көргөздү. Дагы бир чакан солчул коалиция 6 процентке жакын добуш чогултту. Кечээ демократиялык жана социалисттик партиялар бири бирин шайлоочуларды коркутуп-үркүтүү үчүн айыпташкан эле. Албан парламентиндеги мандаттар регионалдык системага ылайык бөлүштүрүлөт. Эларалык байкоочулар шайлоо процессиндеги оң жышааналар менен катар эреже бузуулар орун алганын билдиришти.

XS
SM
MD
LG