Бүгүн вице-премьер-министр Өктөмкан Абдуллаеванын жетекчилиги менен Ажылык зыяратты уюштуруп өткөрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. Анда негизги көңүл мыйзамсыз жолдор менен Меккеге зыяратка алып барууну тыюу маселелерине бурулду. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, Дин иштер боюнча агенттик менен Кыргызстан мусулмандар башкармалыгына ажы-башчыларды тандоо белгилерин, аларга коюлган негизги талаптарды иштеп чыгуу тапшырылды. Транспорт министрлиги болсо коопсуз учак каттамдарды аныктоого милдеттендирилди. Быйыл Ажылык үчүн кыргызстандыктарга 4500 орун бөлүнгөн. (EBM)