Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:23

Таласта сууга агып кеткен кыздын ата - энеси “Азаттыкка” жардам сурап кайрылды


Талас шаарынын тургуну Тынчтыкбек Челетиров үйбүлөсү менен 20-июнь күнү түнүчүндө Көк-Ой айылынан коноктон Талас шаарын көздөй тааныштарынын автоунаасына түшүп келе жаткан. Талас дарыясынын жанынан автоунаа жүрбөй калып, автоунаанын ичиндеги 3,5 жаштагы кыздан башкалары автоунааны түрткөнү чыгышат. Автоунаа жүрүп, көпүрөдөн кулап 3,5 жаштагы Айжамал Тынчыкбек кызы сууга агып кетип, ошол күндөн бери табылбай келет. Кыздын атасы укук коргоо кызматкерлерине кайрылганын айтып, андан эч натыйжа чыкпай жатканын жана көргөн билгендер болсо 0772174376 телефонуна чалып коюну суранып "Азаттыка" кайрылды. Жергиликтүү укук коргоо кызматкерлери кызды издеп жаткандарын айтып, ага далил катары издөө учурунда Талас суусунан башка адамдын сөөгү табылганын жана 20-21 июнь күндөрү жогоруда кыздан башка дагы эки адам сууга акканын "Азаттыкка" маалымдашты. (UA)

XS
SM
MD
LG