Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:47

Беларус президенти абактагы америкалык адвокатка кечирим берди


Адвокат Эммануэль Зельцер Беларуста өндүрүш боюнча тыңчылык жүргүзгөн деген айып менен соттолгон. Президент Александр Лукашенко анын маалымат катчысы билдиргендей, адвокатка кечирим берүүнү караган жардыкка кечээ кол койду. Зельцер кечээ кечинде түрмөнүн ооруканасынан чыгарылды.

Вашинтгтондон Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Иан Келлинин билдиргенине караганда, АКШ Минскинин кадамын кубаттайт, бирок достук мамиле түзүү үчүн беларус өкмөт тарабынан али көп нерсе жасалуусу керек.

Вашингтон адвокат Зельцердин абактан чыгарылуусун Минск менен мамиле калыбына келүүсүнүн чечүүчү элементи катары атаган.

Бул окуянын жуп алдында президент Лукашенко Минскиде АКШ Конгрессинин делегациясы менен жолуккан учурунда эки өлкө дипломатиялык алакасын толук калыбына келтирүүсүнө мезгил жеткенин айткан эле.

XS
SM
MD
LG