Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

БЭКтин Саясий бюросу стратегиялык багытын тактап жатат


БЭКтин Саясий бюросунун бүгүн түшкө чейинки жыйынында кыймылдын атынан президенттикке талапкерликке көрсөтүлгөн Алмаз Атамбаевдин өлкөнүн түштүк регионундагы үгүт сапарынын жыйынтыгы талкууланып, мындан аркы милдеттер такталды. Үгүт иштерин өлкөнүн түндүк аймагындагы райондордо кандай жүргүзүү керектиги талкууланып, шайлоочулар БЭКтин талапкеринин программасы жана максаты менен толук таанышуусу үчүн гезиттерден тышкары брошюра, бюллетеньдерди чыгарып таратуу жана уюштуруу иштерин так жүргүзүү зарыл деген чечим кабыл алынды. БЭКтин Саясий бюросу бүгүн кечинде кыймылга кирген саясий партиялардын мындан аркы стратегиялык багытын аныктоого арналган жыйынын өткөрүп, ар бир партиянын шайлоодогу милдетин тактаган жатат. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин депутаты, БЭКтин мүчөсү Бакыт Бешимовдон алынды.(BD)

XS
SM
MD
LG