Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

Акыйкатчы алдындагы жаштар кеңеши тынчсызданган кайрылуу жасады


Студенттер менен жаштардын укугун коргоо боюнча Акыйкатчынын алдындагы кеңеш жана Эл аралык "Интербилим" уюму президент Курманбек Бакиев, БШК төрагасы Дамир Лисовский жана Акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылуу жолдоп, билим берүү тармак жетекчилеринин шайлоо алдындагы зомбулугун токтотууну талап кылышты. Кайрылууда буга шайлоо өнөктүгү башталгандан тарта Ош, Нарын облустарындагы жогорку окуу жайларда дипломдук иштерди жактоо, мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин берүү мөөнөтү башка убакытка жылдырылып, бир талапкерди гана колдоого мажбурлап кол койдуруу, мугалимдер менен окуучулардын тууган-уруктарын бир талапкерди колдогон колдорду чогулттуруу, студенттерди жатаканаларга мажбурлап каттап, ал үчүн кошумча акча жыйноо көрүнүштөрү негиз бергендиги айтылат. Ошон үчүн коркунуч жараткан шайлоого такоол берүүгө жаштарды үндөп, басмырлоого жол бербөө чакырыгы айтылган.Ал эми БШКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Жумагулов "Азаттыкка" кайрылууда айтылган фактылар боюнча комиссияга бир дагы арыз келип түшкөн жок, эгер расмий түрдө даттануу болсо комиссияда каралат деп билдирди. Анын айтымында, кайрылууну БШКнын жыйынында талкуулоого негиз жок.(BD)

XS
SM
MD
LG