Бул тууралуу БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка караганда, оппозиция лидерлери маалымат жыйынында шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү боюнча пикирлерин айтып, журналисттердин суроолоруна жооп берет. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин 1-июлдагы кайрылуусунда белгиленген кара пиарга карата саясий партия жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү пикирлерин билдиришет. (AiT)