Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:59

Иранда оппозиция тарапкерлери жана мурдагы президент Хатами шайлоонун жыйынтыгын сынга алды


12-июндагы шайлоодо азыркы президент Махмуд Ахмадинежадга жеңилди деп табылган оппозиция лидери Мир Хоссеин Мусави шайлоонун легитимсиздиги боюнча өзүнүн мурдагы пикирин кайталап, Интнернет баракчасына кечээ жарыяланган билдирүүдө жактоочуларын шайлоонун жыйынтыгына каршы нааразылыкты улантууга чакырды. Ал ошондой эле Иран бийликтерин саясий айыпкерлерди абактан чыгарууга, шайлоо реформасын баштоого, басма сөз эркиндигине жол берүүгө үндөдү. Ахмадинежаддын жеңишин жокко чыгарган билдирүүнү өзүнүн Интернет баракчасында экинчи реформачыл талапкер Мехди Каруби да жарыялады.

Мусави да, Каруби да 12-июндагы шайлоодон кийин добуштарды саноодо бурмалоолор кеңири жайылгандыктан, анын жыйынтыгы легитимсиз деп эсептешет. Шайлоо жыйынтыгын кечээги билдирүүсүндө Ирандын мурдагы реформачыл президенти Мохаммад Хатами да сынга алды.

Хатами ошондой эле өз билдирүүсүндө Иран бийликтерин массалык камоолорду жүргүзүп жатканы, камактагылардын мыйзамдуу укуктарын тааныбагандыгы, алардан күнөөсүн моюндаган көрсөтмөлөрдү фотокамералардын алдында алып жатканы үчүн айыптаган. Ирандын мурдагы президентинин мындай билдирүүсү менен өлкөнүн диний көсөмү Аятолла Хаменейинин турумуна каршы чыгууда. Хаменейи шайлоонун расмий жыйынтыгын колдогон.

XS
SM
MD
LG