Жолугушууда КР президенти коррупцияны жоюу боюнча мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып, 2005-жылкы март ыңкылабынан кийинки жең ичинен жеп-ичүүгө каршы жүргүзүлгөн күрөштүн натыйжасында өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн 3,5 эсе көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү, деп билдирди. Ал эми “Транспaренши интернешнл” уюмунун төрайымы Угетт Лабелль кыргыз бийлигинин коррупция менен күрөшүү аракетин белгиледи. Угетт Лабелль айым Кыргызстан коррупцияга каршы күрөшүүнү мыйзамдаштырып, бул үчүн атайын агенттик түзгөнүн колдоого алды, деп маалымдайт президенттик басма сөз кызматы.n"Транспаренши интернешнл" уюмунун төрайымы бүгүн ошондой эле ЖК төрагасы Айтибай Тагаев менен да жолугушту. Анда дагы жалпысынан коррупцияга каршы чогуулап күрөшүү тууралуу сөз болду.
Өткөн жылы эл аралык “Транспaренши интернешнл” уюму Кыргызстан коррупция гүлдөп өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кирерин жарыялаган. Жергиликтүү талдоочулар да коррупция акыркы үч-төрт жылдын ичинде мурдагыдан өөрчүп кеткендигин белгилеп келишет.(ZKo)