Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Руслан Шаботоевдин туугандары Башкы прокуратурага кайрылышты


ЖК депутаты, 30-сентябрдан бери дайынсыз жок болуп жаткан Руслан Шаботоевдин эжеси Сымбат Шаботоева бул тууралуу “Азаттыкка” билдирди. Башкы көзөмөл органына кайрылууга ага БЭКтин президенттикке талапкери Алмазбек Атамбаевдин Ош шаарында шайлоочулар менен жолугушуу учурунда айткан сөзү түрткү болгон. “Алмазбек Атамбаев менин инимди, өзүнүн партиялашын капкачан эле өлгөн, аны ким өлтүргөнүн билебиз, деп айтыптыр. Билсе эмнеге барып тиешелүү органдарга айтып бербейт,” дейт Сымбат Шаботоева. Анын айтуусунда тогуз айдан бери дайынсыз жок болуп жаткан уулун тирүү деп күтүп отурган ата-энесине жана башка туугандарына А. Атамбаевдин сөзү катуу сокку болгон. Бул сөзүнөн кийин социал-демократтардын төрагасына барып жолугуп, көзмө-көз сүйлөшүү аракетинен натыйжа чыкпаган соң, Сымбат Шаботоева Башкы прокуратурага кайрылган.
Социал-демократтар партиясынын лидери, БЭКтин бирдиктүү талапкери Алмазбек Атамбаев 24-июнда Ош шаарынын тургундары менен жолугушкан учурда өзүнүн партиялашы, ЖК депутаты Руслан Шаботоев азыркы криминалдашкан бийликтин курмандыгы болгондугун, аны ким, качан өлтүргөнү да белгилүү экендигин айткан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG