Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

Кыргызстан электр энергиясын көбүрөөк экспорттоону максаттап жатат


Кыргызстан коңшу Казакстан жана Өзбекстанга электр энергиясын көбүрөөк экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу «Электрдик станциялар» компаниясынан билдиришти. Күздөн тарта Кыргызстан электр энергия экспортун 200 млн кВт-саатка көбөйтүүнү ойлоп, анын 1 кВт баасын 4,6 центке баалап жатат. Бирок бул баага макул эместигин билдирген өзбек тарап менен азыр баа бычуу сүйлөшүүлөрү дале жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 9,5 млрд кубометрди түзүп, кыргыз өкмөтү суу деңгээлин күзгө дейре 11 млрд кубометрге көтөрүү милдетин коюуда. Ал арада Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги өлкө боюнча электр энергиясы ченемден ашык колдонулуп жаткандыгын билдирүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG