Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

Башкы прокуратура кыргыз жаранын Тажикстандан чыгарып келүүгө аракеттенүүдө


Кыргызстан жараны Мухамади Салимзаде өткөн жылы Тажикстанда кармалып, ал жерде тыңчылык кылган жана Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө аракет жасаган деп айыпталган. Тажикстандын Жогорку Соту Салимзадени күнөөлүү деп таап, 29 жылга эркинен ажыраткан. Башкы прокуратура Мухамади Салимзаденин жакындарынын өтүнүчү менен Тажикстандын Башкы прокуратурасына кайрылып, Салимзаденин жазасын Кыргызстанда өтөөсүнө жетишүүгө аракеттенүүдө. Бул үчүн тийиштүү документтер суралды. Айрым маалымат каражаттары, Мухамади Салимзаде Кыргызстандын атайын кызматынын өкүлү экенин жазып чыгышкан.(AiT)

XS
SM
MD
LG