Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:00

БУУнун башкатчысы оппозиция лидерин бошотуу аракетинде бүгүн Мьянмага барды


Пан Ги Мундун сапары өлкө бийликтерин саясий айыпкерлерди, анын ичинде демократиялык оппозициянын лидери Аун Сан Су Чини бошотууга ынандыруу максатын көздөйт. Пан Ги Мун Мьянмадагы аскерий бийликтин башчысы менен жолугары күтүлүүдө, бирок ага Сан Су Чи мене кездешүүгө мүмкүндүк беришеби же жокпу, бул азырынча белгисиз.

Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси, 64 жаштагы Чи айым акыркы жыйырма жылкы өмүрүнүн көбүн түрмөдө же үй камагында өткөрдү. Жакында Мьянманын бийликтери ага үй камагынын шарттарын бузган деген жаңы айып таккан. БУУнун башкатчысынын визити Сан Су Чинин үстүнөн эл аралык коомчулук айыптаган сот жараяны кайра жанданган учурга туш келүүдө. Адам укугун коргоочулар эгер Пан Ги Мун Сан Су Чинин бошотулушуна жетише албай калса, анын визити ийгиликсиз деп караларын күн мурунтан эскертишкен. Мьянмадагы миссиясы татаал экенин башкатчынын өзү да моюнга алды.

XS
SM
MD
LG