Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:05

Ооганстандын түштүгүндө британ офицери жана АКШ менен Британиянын бирден жоокер каза тапты


Окуя өлкөнүн түштүгүндөгү Гильменд провинциясында болду. Кечээ эртең мененден тарта ал жерде АКШнын төрт миңдей деңиз аскерлери ооган күчтөрүн коштоосунда талибдерге каршы жерден да, абадан да чабуул баштаган. Операция талибдердин маанилүү таяныч бекети катары эсептелген Гильменд провинциясын алардан тазалоону максат кылат.

Америкалык командачылыктын билдиргенине караганда, кечээги уруштар учурунда бир жоокер каза таап, бир нечеси жаракат алган. Деңиз аскерлеринин өкүлү Канжар деп аталган опрерациянын биринчи күнүндө согушкерлер тараптан каршылык аз эле көргөзүлгөнүн белгиледи.

Ал эми британ армиясынын бир полковниги менен жоокери ушул эле Гильменд провинциясында автоунаасы жол боюнда көмүлгөн бомбага кабылып, каза тапты. Полковник Руперт Торнелоу Британия Ооганстанда 2001 –жылдан бери жоготкон аскер кызматчылардын чини боюнча эң жогорку даражалуусу.

Бул аралыкта Ооганстандын чыгышындагы Пактика провинциясында жоголгон америкалык жоокер изделүүдө. Маалыматтарга караганда, ал балким талиб согушкерлерине туткунга түшүп калуусу да мүмкүн.

XS
SM
MD
LG